Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 13-февралы № 14

 

Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселени талкуулап, тактап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагына сиңирген эмгеги үчүн, Кыргызстан айылынын тургуну аксакал Алымкулов Турсунбекке жана Жон-Коргон айылынын тургуну Агынаев Аскер аксакалга Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. “Ардактуу атуул” наамынын төш белгисин жана күбөлүгүн даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев