Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XX сессиясынын

 

2024-жылдын 19-январы №20/1

 

Насос участкасындагы сугатка пайдалануучу басымдуулук трубаларын жана бетон латокторду муниципалдык менчикке алып өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамын жетекчилике алып, Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын 30.10.2023-ж. №191/д сандуу каты жана Барпы айыл өкмөтүнүн 19.01.2024-ж. №01-20/133 сандуу сунушу менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө

ТОКТОМ

 

1.Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Насос участкасындагы, насос менен сугарылуучу айыл-чарба жерлериндеги 4800 метр жер астындагы басымдуулук трубасы жана 5011метр бетон латоктору ээлеген жалпы 5,0 га жер аянтын муниципалдык менчике алып, Сузак райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берилсин.

 

2.Бул токтомду ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Маматсабиров Ислам Тиленбаевичке милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

У.А. Абдыкулов