БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XX сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №20/2
“Сузак райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө ”
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Маматсабировдун 11.01.2014-жылдын чыг: №01-20/39 сандуу сунуш каты менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Сузак райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынып жаткан таштандыларды ташуучу атайын техникасына керектелүүчү 5720000 (беш миллион жети жүз жыйырма миӊ ) сомго, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1716000 (бир миллион жети жүз он алты миӊ ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун ишке ашырууну Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Маматсабировго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |