БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XX сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №20/3
“Социалдык имараттын Колдонулуусун өзгөртүү жөнүндө ”
Барпы айыл өкмөтүнүн Түрк-Абад айылындагы “М. Сариков” атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жамаатынын протоколу жана жашоочулардын кайрылуусу менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Түрк-Абад айылындагы “М. Сариков” атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин эски имаратын, балдар бакчасы кылып колдонууга уруксат берилсин.
2. Токтомду ишке ашырууну жана имаратты, балдар бакчасына өзгөртүүгө кетүүчү иш кагаздарын даярдоону Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |