Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 13-марты ПЖ № 73
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Ботоев Ильяс Кулубаевичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 1-мартынан тартып токтотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |