АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 11-январы №96
Алга айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтуу бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
Алга айыл аймагынын айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, айылдык кеңештин бюджет жана экономика комитетинде каралып,талкуулангандыгын эске алып,экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алга айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтуу бюджетинин кирешелер бөлүгү 16597,1 миң сом, чыгашалар болугу 16597,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, жана 2025-жылга 17364,5 миң сом, 2026-жылга 18130,5 миң сом болжолдору жактырылсын.
2. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө чегерүүлөр 2024-жылга №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө чегерүүлөр 2024-жылга №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолу 2025-2026-жылдарга №3,4 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
5. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүндө 2024-жылдын 1-январына калган 631,6 миң сом өлчөмүндөгү калдык бекитилсин.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөр) жүргүзүлөт.
7. Чыгашалар боюнча корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
8. Бекитилген каражаттар казыналык бөлүмүнөн айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Алга айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджети 2024-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алга айылдык кеңешинин тѳрайымы | Р.Арынова |
|
|