Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №98

Советский, Кадамжай каттамындагы маршруттарды Алга айылына кирип жарандарды ташуусуна макулдук берүү жөнүндө

 

Советский айыл аймагынан, Кадамжай районуна жүргүнчү ташуучу маршруттарды Алга айылынын аймагына  кирип жарандарды ташуусуна макулдук берүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Советский айыл аймагынан, Кадамжай районуна жүргүнчү ташуучу маршруттарды Алга айылынын аймагына  кирип жарандарды ташуусуна макулдук берилсин.
  2. Алга айыл аймагындагы жүргүнчү ташуучу маршруттарды уюштуруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер, жарандардын укугун,  кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо  боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Алга айылдык кеңешинин тѳрайымы

Р.Арынова