АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-февралы №99
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн Кз зоналык коэффициент өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Алга айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Алга айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Алга айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги пайдалануудагы жер аянттарынын (Кз) зоналдык коэффициенти салык кодексинин 404-беренесине 1,5 өлчөмдө бекитилсин.
- Алга айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги аракеттеги эмес пайдаланылбай жаткан жер аянттарынын баштапкы (Кз) зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
- Үй-жанындагы короо жай багбанчылык-чарбак жер участокторуна (тамарка) салык кодексинин 298-беренесинин негизинде 1 сотикке 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Салык кодексинин 411 беренесине негиз төмөнкү катергориядагы жарандарга тамарка салыгынан 0,15 га чектик өлчөмүндө жеңилдиктер колдонулсун:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюууга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
- Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезге жеткенге чейинки балдары;
- Пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;
- Эргезге жете элек 4 жана андашык балдары бар жеке адам.
- Алга айыл аймагындагы ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйымы жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Комерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым киши башына жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Зоналык коэффициент өлчөмүн белгилөө боюнча мыйзам чегинде талап кылынуучу жумуштарды аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым | Р.Арынова |
|
|