Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы №100

Кадамжай райондук өнүктүрүү  фонду эсебинен каржылануучу  долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымын  кошуу жөнүндө

 

  Чек-ара аймагында жайгашкан элдердин  турмуш шартын ондоо жана элдин  ден-соолугуна  кам көрүү   максатында   “Чукур-Кыштак” айылындагы элди таза-суу менен камсыздоочу жайды электр энергиясы менен камсыздоо  зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алга айыл өкмөтүнүн  “Чукур-Кыштак” айылындагы элди таза-суу менен камсыздоочу жайды электр энергиясы менен камсыздоо  үчүн түзүлгөн   1 867 430 (бир миллион сегиз  жүз алтымыш жети  миң төрт жүз отуз) сомдук долбоор бекитилсин.

 

  1. Сметада корсотулгон сумманын  80,3%  1 500 000  (бир миллион беш жүз миң) сому Кадамжай райондук өнүктүрүү  фондунан  суралсын,ал эми 19,7 %  267 420 (үч жүз алтымыш жети миң төрт  жүз жыйырма) сому Алга айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен ажыратып берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Алга айылдык кеңешинин тѳрайымы

Р.Арынова