ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жыл 19-февралынын №4
“Жергиликтүү Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 17-март 2023-жылдагы кезексиз II сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Соломо участкасындагы 1,55 га жер аянтынан кум-шагыл алып иштетүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 17-март 2023-жылдагы кезексиз II сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Өрүктү айылдык аймагынын Соломо участкасында жайгашкан 1,55 га жер аянтынан кум-шагыл казып алып иштетүү үчүн уруксат берилсин.
3. Аталган жер аянтын багытын өзгөртүүдө (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу ижарачы “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Ө. Т. Турсунбаевге жүктөлсүн.
4. “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимдерди түзүү жана башка иш-кагаздарын даярдоо айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |