Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жыл 27-январынын №9
“Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө”
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы мал базардын (“ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчиси Ө. Турсунбаевдин кайрылуусунун негизинде мал базардын ишмердүүлүгүндөгү жылдык, айлык жана жумалык кирешесин, чыгашаларын аныктоо үчүн убактылуу комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
- У. Ибраймалиев – айыл аймактын салык инспектору, убактылуу комиссиянын төрагасы;
- И. Макамбаев – Чолок-Тума, Орто-Токой айылдарынын айыл башчысы, убактылуу комиссиянын төрагасынын орун басары;
- С. Наримбетов – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- Ы. Өмүрзакова – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;
- А. Дооронбеков – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү.
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |