КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 4 - кезектүү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 8
Казыбек айылынын таштанды төгүүчү жайы жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Ибраевдин таштанды төгүүчү жайдын ордун толук аныктала электиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылында таштанды төгүүгө жердин толук кандуу аныктала элек болгондуктан болжолдуу орундарга таштанды төгүлбөй ишке берилбей туруусу жалпы айыл тургундарына эскертилсин.
2.Эгерде эскертүүнү кабыл албай өзүм билемдик кылган айыл тургундарына бузуулар кодексине ылайык ,айып пулдар салынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага: | Э.Бактыгулов |