Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-февралы №108
Айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылуучу долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө
Алга айыл өкмөтиүнүн аймагындагы элдин турмуш шартын ондоо максатында жумуш ордулары менен камсыздоо үчүн тигүү цехи катары пайдаланууга Алга айылынын аймагындагы эски төрөт үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Алга айылынын аймагындагы эски төрөт үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоор бекитилсин.
- Долбоорду аткаруу үчүн керектелүүчү акча каражаттары Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым | Р.Арынова |
|
|