Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 4 - кезектүү сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 10

Жаңы салынган «Кара-Коюн» көпүрөсү жөнүндө

Казыбек айылында Ат-Башы ДЭУсу тарабынан жаңы салынып ишке берилген мурдакы Кара-Коюн көпүрөсү жөнүндө айыл тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1.  Казыбек айылында Ат-Башы ДЭУсу тарабынан жаңы салынып ишке берилген, мурдакы Кара-Коюн көпүрөсү жөнүндө айыл тургундары Калыгулов Шаршенбек жана Абылов Айтбектин жолдошу Гүлкайыр Нургазиеванын кайрылууларына ылайык, көпүрөнүн атын берүү боюнча жалпы эл өкүлдөрүнүн сунушу менен жабык добушка коюлсун

 

-Абылов Айтбеке добуш-7;

 

Калыгулов Шаршенбек добуш-11

 

-каршы-1

 

2.Жогорудагы жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпүрөнүн аты Калыгулов Шаршенбек деп таанылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.

 

Төрага:

Э.Бактыгулов