Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү, 2023- жылдын бюджети жана 2024-2025- жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгү № 18-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүң, 2023-жылга каралган айылдык бюджетинин алты айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган, Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарбынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып, 4-бөлүгүнүн негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүң 2023-жылдын тогуз айлыкка бекитилген жергиликтүү бюджетине, бирдиктүү салыкка ашыкча түшкөн 1257,5 миң сом акча каражаты планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча түшкөн 1257,5 миң сом акча каражатты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |