Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-6
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү үчүн “Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2- бөлүмүнө ылайык 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кенеш тарабынан Т. Зулпуев айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет , энергетика, ишмердүүлүк жана кайра иштетүү боюнча комиссиясы” тарабынан карап чыгып Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын бекитүү киргизилсин.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын аткарылышын мыйзамга ылайык иш алып баруу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун Т. Зулпуев айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет , энергетика, ишмердүүлүк жана кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |