Редакцияот 10.04.1998
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 10-апрели № 36

 

Кыргыз Республикасынын белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца Макулдашуусуна кошулуусу тууралу

 

 

1998-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

1998-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны

тарабынан жактырылган

 

1-статья

Кыргыз Республикасы 1957-жылдагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна кошулсун.

 

2-статья

Депозитарийи Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы директору болуп саналган депозитарийге кошулуу жөнүндө грамотаны депонирлөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылсын.

 

3-статья

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                             А.Акаев