Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 26-7

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга таштанды салыгын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарын ылайык Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн таштандыларды чыгаруу жыйымдардын өлчөмү ар бир кожолукка 100 сомго ошондой эле мекеме ишканаларда иштеген кызматкерлерге 120 сомго жана айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын зоналдык коэфицентин 1,2ге калтырууну карап чыгып Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

 

1.   Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жылдын таштандыларды чыгаруу жыйымдардын өлчөмү ар бир кожолукка 100 сомго ошондой эле мекеме ишканаларда иштеген кызматкерлерге 120 сомго жана айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынын зоналдык коэфицентин 1,2ге бекитилип берилсин.

2. 2024-жылдын 1- январынан тартып салыктардын аткарылышын мыйзамга ылайык иш алып баруу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомдун Т. Зулпуев айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет , энергетика, ишмердүүлүк жана кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Бакиров