Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-9
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына негиз Атамерек айылындагы музей, китепкана жана коференц зал үчүн жабдууларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттинин өздүк салымынан акча каражатын ажыратып берүү максатында
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына негиз Атамерек айылындагы музей, китепкана жана коференц зал үчүн жабдууларды алуу максатында, Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы музей, китепкана жана конферец зал үчүн жабдууларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 185 000 (бир жүз сексен беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |