Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-10
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына негиз Таштак айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттинин өздүк салымынан акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына негиз Таштак айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында суу насос куруу үчүн, Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн негиз Таштак айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында суу насос куруу үчүн, 263 000 (эки жүз алтымыш үч мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |