Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-12
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Ташкороо бөлүмүндөгү көчөгө ат коюу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Таш-Короо бөлүмүндөгү жаңы көчөгө айыл тургундарынын протоколунун негизинде “Жаш-Тилек” деп ат коюп берүү жөнүндө Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Таш-Короо бөлүмүндөгү жаңы көчөгө айыл тургундарынын протоколунун негизинде “Жаш-Тилек” деп ат коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Жаш -Тилек атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү дайыма көзөмөлдөп туруу Атамерек айылынын айыл башчысы А. Чоңмуруновго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Бакиров |