Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-13
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык бөлүмүнүн тургундарынын арызын канааттандыруу максатында
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык бөлүмүнүн тургундарынын жашап жаткан үйлөрүнө мамлекеттик акт (кызыл китеп) алуу үчүн айылдагы көчөлөрдүн аты жок болгондуктан Араван районунун чек арасынан баштап мазарга чейинки көчөгө Жолдошов Каримдин атын коюп берүү максатында жашоочулардын арызын карап чыгып Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык бөлүмүнүн Араван районунун чек арасынан баштап мазарга чейинки көчөгө Жолдошов Карим деп ат коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды кароо жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Бакиров |