Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралындагы, №80/XIX-28

 

№268 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,30 га болгон жер

 участогун которуу жөнүндө

Узун-Кыр айыл аймагында контур №268 жайгашкан жалпы аянты 0,30 га болгон жер тилкесин которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Узун-Кыр айыл аймагында №268 контурунда жайгашкан «жайыт» түрүндөгү, жалпы аянты 0,30 га болгон жер тилкесин, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы, «курулуш алдындагы» түрүнө, айыл чарба багытындагы объектилерин куруу максатында которууга макулдук берилсин.

2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын Узун-Кыр айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Узун-Кыр айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Б.Сманов