Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 1-олтуруму

 

 

2024-жылдын 16-январындагы № 03-т

 

 

Искра айыл өкмөтүнүн 2024- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн жана 2025-2026 жылга жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

 

Искра айыл кеңешинин 28- чакырылышынын 1-сессиясы Искра айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Иманалиева Айнуранын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ мыйзамынын 31 - беренесине ылайык 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2025-2026 - жылга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча Искра айыл кеңеши .

 

Токтом кылат :

 

1. Искра айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын каражаттарын кошкондо 2024- жылга 15861,5 миң сом,

 Бардыгы атайын каражаттар менен бирге 18061,5 миң сом менен бекитилсин.

- 2025- жылга божомолу 20118,1 миң сом ;

 -2026- жылга божомолу 21573,1 миң сом (тиркеме № 1,№2,№3 ) ; киреше кварталдык бөлүштүрүү (тиркеме № №4 ) бекитилсин .

2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттар менен бирге 18061,5 миң сом болуп бекитилсин.

3. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2024- жылда каржылоодо биринчилерден корголгон беренелер (айлык акы , социалдык фонддун төлөмдөрү, ), коммуналдык тейлөөлөр жана көмүр сатып алуу андан тышкаары карыздарды төлөө каралсын.

4. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса , же ашыгы менен аткарылса Чүй райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен бюджеттик комиссиянын отурумунда каралып , киреше жана чыгаша бөлүмүнө корректировка киргизилсин.

5. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо айыл өкмөтүнүн муктаждыгына байланыштуу бөлүмдөн бөлүмгө , беренеден беренеге Чүй райондук каржы башкармалыгынын макулдугу менен бюджеттик комиссиянын отрурумунда каралып , жергиликтүү кеңештин чечими менен кварталдан кварталга , бөлүмдөн бөлүмгө; беренеден беренеге жылдырылып берилсин.

6. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салыктык жана салыктык эмес кирешелерин жогорулатуу , башка кирешелердин кошумча булактарын табуу боюнча активдүү иш жүргүзүшүнө айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Гуров И.Б жана жер боюнча башкы адисинин м.а. Ишеналиев У.К милдеттендирилсин.

7. Жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен максаттуу , трансферттер жана теңделүүчү трансферт максаттуу корголгон беренелер боюнча колдонулуусуна айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Иманалиева А.А милдеттендирилсин.

7. Айыл өкмөтүнүн эсебинде акчалай жүгүртүүнүн чеги Чүй районунун казына бөлүмүнүндө 50,0 миң сом болсун.

8. Искра айыл өкмөтүнүн каржы – экономика бөлүмүнүн башчысы

 ( Иманалиева А.А ) тарабынан:

- Искра айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткаруу процессинде , экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурлада, Кыргыз Рсепубликасынын Каржы министрлиги менен 2024- жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштери квартал сайын жүргүзүлсүн;

-Жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө , жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгына жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп түзөөгө уруксаат берилсин.

9. Искра айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси (Гуров И.Б.) тарабынан:

-Экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;

-Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;

-Жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр карыздарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык Искра айыл өкмөтү тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (электр энергиясы, байланыш кызматтар боюнча төлөмдөр ) төлөмдөргө коюлган чектөөлөр кыйшаюусуз аткарылсын.

11. Искра айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Искра айыл өкмөтүнүн башчысына

( Токталиев Ж.С ) жүктөлсүн.

12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Искра айыл кеңешинин экономика , бюджет , каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

13. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө, “ММК “ гезитине мамлекеттик тилде жарыялансын.

14. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

Эскертүү: ушул токтом мене бекитилген № 1,№2,№3, №4 тиркемелер Юстиция Министрлигине келип түшкөн эмес!

 

 

Искра айыл

кеңешинин төрагасы

 

К.А.Нурдинов