Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каррак айылынын Сарай көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Гапар Нарбаев ысмын ыйгаруу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Сарай көчөсүнүн атын аталышын өзгөртүп, эмгектин ардагери маркум Гапар Нарбаев ысмын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусу С. Юсупова айыл өкмөтү жана С. Юсупова айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте Сарай көчөсүнүн тургундарынын 28.02.2023-жылдагы жалпы чогулушунда карап чыгылып, Сарай көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, эмгектин ардагери маркум Гапар Нарбаевдин ысмын ыйгаруу маселеси элдин толук колдоосун алгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталыш өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык) 12,19-пунктун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүнө караштуу Каррак айылында жайгашкан Сарай көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Гапар Нарбаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Сарай көчөсүнүн тургундарынын 28.02.2023-жылдагы жалпы чогулушунун токтому бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Каррак айылында жайгашкан Сарай көчөсү мындан ары маркум Гапар Нарбаев атындагы көчө деп кайрадан өзгөртүлсүн.
3. С. Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киритүүгө милдеттендирилсин.
4. Каррак айылында жайгашкан Сарай көчөсү Гапар Нарбаев атындагы көчө деп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Араван районундагы бардык мамлекеттик мекемелерге айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жөнөтүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Араван айылында жайгашкан Сарай көчөсү Гапар Нарбаев атындагы көчө деп өзгөртүүгө зарыл болгон бардык каражаттар Гапаровдордун үй бүлөөсүнүн бюджетин эсебинен карыжылашы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев |