С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-6
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Исмаилова Зульфира Б.Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 170,0 кв.мт болгон мончо багытындагы жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Исмаилова Зульфира Б.Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 170,0 кв.мт болгон мончо багытындагы жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Исмаилова Зульфира Б.Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 170,0 кв.мт болгон мончо багытындагы жер аянтын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Исмаилова Зульфира Б.Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 170,0 кв.мт болгон мончо багытындагы жер аянтын жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүрүүдө С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |