С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-8
Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын № 43 токтомунун негизинде чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызы мурдагы айылдык кеңешинин сессиясында мыйзам чегинде кароо жагын айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик,айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылган туруктуу комиссия тарабынан бул арыз каралып, Октябрь айылынын тургундары жана жайыт комитетти тарабынан жайыт жеринен чопо топурак казып алуу боюнча каршы экендигин жана
депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бишкек шаарынын тургуну Чабаров Акылбектин Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын чопо топурак казып алуу укугун сурап жазган арызына уруксат берилбесин.
2. Айылдык кеңештин Агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана жайыт комитети Октябрь айылындыгы айыл чарба багытындагы жайыт жеринен 0,10 га жер аянтын чопо топурак казып алуу мыйзам чегинде туура келбестиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |