С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-10
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Мадалиев Тохиржандын сатып алган 544,0 кв.мт болгон жеке менчик навесин курулуштук багытын турак үй жай багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Мадалиев Тохиржандын сатып алган жалпы аянты 544,0 кв.мт болгон жеке менчик навесин курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө уруксат сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 11-12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.01.2020-жылдагы “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомунун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Мадалиев Тохиржон Абдигуло мович сатып алган жалпы аянты 544,0 мт.кв болгон жеке менчик навесин курулуштук багытын турак үй жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Мадалиев Т сатып алган 544,0 мт.кв болгон жеке менчик навесин курулуштук багытын турак үй жай багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев |