Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 16-ноябры № 24-1

Бала бакчаны муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

  Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумабаевдин бала бакчаны муниципалдык менчикке алуу жөнүндө корутундусун угуп жана талкуулап, сессия

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.     Кызыл-Туу айыл аймагынын Батырбек көчөсүндө жайгашкан, айыл өкмөт тарабынан сатылып алынган бала бакчанын имараты, 3000 кв.м жер тилкеси менен, айыл өкмөттүн балансына алынсын.

 

2.     Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы, айыл өкмөткө милдеттендерилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4.      Токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы, айылдык кеңешинин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

5.      Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Төрөбеков