Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 16-ноябры № 24-2

Өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

  Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап,сессия

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.     Аркыт айылындагы №30 Аркыт жалпы билим берүү орто мектебинин жылытуу системасы оңдоодон өткөрүүгө жана полдорун,эшик,терезелерин жаңылоого өздүк салым катары, 337 000 (үч жүз отуз жети миң) сом акча каражаты жана Кызыл- Туу айылынадагы Батырбек көчөсүндөгү спорт аянтчасын королоого, өздүк салым үчүн, 350 000 (үч жүз элүү миң) сомдук акча каражаты, 2024-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет-финансы жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Арстанбековго жана аткарылышы ФЭБ дин башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.

 

3.     Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

4.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Төрөбеков Б.