КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-ноябры № 24-4
Эксковатор-погрузчикти аукцион аркылуу, келишимдик негизде, ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Муниципалдык баланста турган эксковатор-погрузчик техникасы, аукцион аркылуу, келишимдин негизинде, ижарага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылыш жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg веб-сайтка жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б.Төрөбеков |