Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 16-ноябры № 24-5

“Ардактуу атуул “ наамын берүү жөнүндө

 Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумабаевдин, Кызыл-Туу айылынын тургуну Бапиев Арстаналыга, Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап, сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Бапиев Арстаналыга айлана-чөйрөнү коргоо жаатында үзүрлүү эмгегин баалоо менен бирге, айыл тургундарынын сунуштарына негиз, Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.    “Ардактуу атуул” наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

5.  Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Төрөбеков.