Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2008-жылдын 31-декабры № 281
Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө
Бул Мыйзамдын максаты электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн финансы-экономикалык ал-абалын алардын салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кошуп эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жолу менен турукташтыруу жана колдоо болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Бул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнө, салык, бажы органдарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө таркатылат.
2. Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - "Электр станциялары" ААК) жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК);
карыздарды кайра түзүмдөштүрүү - "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК үчүн бересенин төлөө мөөнөттөрүн узартуу жана аны эсептен чыгаруу;
пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине ылайык салыктарды, жыйымдарды жана бажылык төлөмдөрдү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн карыздык милдеттенмелердин шарттарына ылайык кредиттерди белгиленген мөөнөт ичинде өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген суммалар;
электр бөлүштүрүүчү компаниялар - "Түндүкэлектр" ААК, "Ошэлектр" ААК, "Чыгышэлектр" ААК жана "Жалалабатэлектр" ААК;
электр энергиясын керектөөчүлөр - электр энергиясын керектеген жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдар жана мекемелер, ошондой эле иш-аракети калктын таза суу боюнча турмуш-тиричиликтик жана башка муктаждыктарын канааттандырууга багытталган юридикалык жактар;
кошуп эсептелген туум боюнча бересе - 2008-жылдын 1-декабрына карата электр энергиясы үчүн өз убагында акы төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кошуп эсептелген туумдар боюнча береселер;
негизги карыз боюнча береселер - эсептелген салыктык жана бажылык төлөмдөр боюнча береселер.
2-берене. Кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жана тартиби
1. Кайра түзүмдөштүрүүгө "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын салыктык, бажылык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна карата кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан, жалпы суммасы 3269,8 млн. сом өлчөмүндөгү береселери жатат.
2. "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын негизги карыздар боюнча береселерин төлөп берүү жылдар боюнча бирдей бөлүштүрүү жана жылына 2 пайыз кошуп эсептөө менен 10 жылдык мөөнөткө узартылат. Негизги карыздар боюнча бересени төлөө ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин жүргүзүлө баштайт.
3. "Электр станциялары" ААК боюнча бересени кайра түзүмдөштүрүүнүн тартиби:
1) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча береселер эсептен чыгарылууга жатат:
- салыктар боюнча - 587,4 млн. сом;
- бажылык төлөмдөр боюнча - 55,2 млн. сом;
- кредиттер боюнча - 150,4 млн. сом.
2) негизги карыз боюнча бересени төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте узартылууга жатат:
- салыктар - 824,2 млн. сом суммасында;
- бажылык төлөмдөр - 563,5 млн. сом суммасында.
4. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсы боюнча бересени кайра түзүмдөштүрүүнүн тартиби:
1) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар боюпча береселер эсептен чыгарылууга жатат:
- салыктар боюнча - 475,7 млн. сом;
- кредиттер боюнча - 119,5 млн. сом.
2) негизги карыз боюнча бересени төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте узартылууга жатат:
- салыктар - 493,9 млн. сом суммасында.
5. Электр энергиясы үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн электр энергиясын керектөөчүлөргө кошуп эсептелген туум боюнча 2008-жылдын 1-декабрына карата чогулган береселер электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептен чыгарылууга жатат.
6. Негизги карыз боюнча бересени төлөөнүн мөөнөтү бузулган учурда ар бир өтүп кеткен күн үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өтүп кеткен мөөнөткө карата колдонулуучу эсептик ставкасына барабар болгон ставка колдонулат.
7. Негизги берүүчүлөр кайра уюштурулган учурда негизги салыктар боюнча береселерди төлөп берүү жагындагы салыктык милдеттенмелер алардын укуктук мураскерлери тарабынан аткарылат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2008-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев