Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 70/14-8
Кара-Көл шаарынын АТК көчөсүнө Курманалиев Ысмаил атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-статьясын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын Курманалиев Ысмаил көчөсүнүн тургундарынын АТК көчөнүн атын Курманалиев Ысмаил атында калтыруу жөнүндөгү кайрылууларын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Т.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын АТК көчөсүн Курманалиев Ысмаил атына ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж.№150/27-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага: | К.Д. Батыркулов |