Редакцияот 10.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Түп районунун Балбай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ

 

Балбай айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2024-жылдын 10-январы № 53

 

Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу  жөнүндө

 

 

        Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлу №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 4-пунктуна, ошондой эле 2009-жылдын 20-июлу №241” Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнундө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1п. ылайык   Балбай айылдык Кеӊешинин XXVIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.               Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана чыгарылсын.

 

2.               Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Балбай айылдык кеңешинин жооптуу катчысына  милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага                                                                                                    Т.Т.Омуралиев