Редакцияот 10.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Түп районунун Балбай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ

 

Балбай айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV- кезектеги сессиясы

2024-жылдын 10-январы № 54

 

 Балбай айыл аймагында 2024-жылга салыктын базалык ставкасы жана зоналдык коэффицентин жана акыр-чикир таштандыларды тазалоо боюнча салык баасын бекитүү  жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жергиликтүү башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө, Жер Кодексинин негизинде Балбай айыл аймагында муниципалдык жеке менчигинин пайдалуунун жапна баалуу зоналарды жүзөгө ашыруу жана акыр-чикир таштандыларды тазалоо боюнча салык баасын коюу боюнча маселени карап, талкуулап, Балбай айылдык Кеңешинин

XXVIII-чакырылышынын IV- кезектеги сессиясы токтом кылат:

1.          Салык эсептеринин коюунун тартиби:

      а) айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы ( Салык Кодексинин негизинде)

      б) зоналдык коэффиценти К3-1,2 өлчөмүндө киргизилсин  ( “Кулатай” жана “Цвет мира ”пансионаттарынан тышкары). “Кулатай” жана “Цвет мира” пансионаттарыныкы коэффиценти К3-2,0 деп табылсын.

1) мүлктүн 1,2,3 топтогу объектилерине мүлк салыгы (Салык Кодексинин негизинде).

2.   Айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы ушул токтомдун 1 пунктунун б) абзацына ылайыктуу болсун.

3.    Короо жай салыгы ( Салык Кодексинин негизинде) К3-1,0.

4.    Мүлк салыгынын 4 тобу К3-1,0

5.   Элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу объектилердин жерлерин зоналдык коэффиценти 0,3 киргизилсин.

6.    Акыр-чикир таштандыларды тазалоо боюнча 2024-жылга карата :

а )  Балбай айыл аймагы боюнча киши башына 10 (он)сом өлчөмүндө каралсын.

б)   чоң объектилер ээлеп турган аянтынын өлчөмүнө жараша ( пансионаттар, туристтер эс алуучу жайларга, балдар эс алуу үчүн атайын жайларга)-1000 (бир миң) сом өлчөмүндө каралсын.

в) элге кызмат көрсөтүү соода түйүндөрү жана жеке менчик чакан ишканалар, акыр-чикир чыгарууга ар бир ишкана же соода түйүнүндө иштеген кызматкер үчүн 200 ( эки жүз) сом өлчөмундө коюлсун.

7.  Салык жыйноону Балбай айыл аймагынын киреше боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

8.  Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

9.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

        

      Төрага                                                                                          Т.Т.Омуралиев