Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жыл 22-январы №1
“Чаткал айыл Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана Чаткал айылдык Кеңешинин Регламентине ылыйык Чаткал айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш- планын талкуулап карап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХV- сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал айылдык Кеңешинин 2024-жылга тиркемеге ылайык 27-пунктан иш-планы жана 15-пунктан турган уюштуруу-массалык иш чаралардын планы кошумча сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин.
2. Иш-планды жана уюштуруу-массалык иш чаралар учурунда зарылчылыкка жараша келип чыккан каражатка байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүү жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.С.Оморов. |
«БЕКИТЕМ” Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: _________ К.С.Оморов. «22» январь 2024-жыл VII-Чакырылышынын, кезектеги XXV-сессиясынын № 1 токтомуна Тиркеме |
Чаткал айылдык Кеңешинин 2024-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Иш чаралардын аталышы | Аткаруу убактысы | Жооптуулар |
1 | I-Квартал Чаткал айылдык Кеңешинин 1-сессиясы | I-квартал | Төрага, катчы |
2 | Чаткал айылдык Кеңешинин 2024жылга иш пландарын бекитүү | I-квартал | Төрага, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
3 | 2023-жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү иш-программасынын аткарылышы жана 2024-жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча иш-программасын бекитүү | I-квартал | Айылдык Кеңеш, айыл өкмөтү |
4 | 2023-жылы Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчетторун угуу | I-квартал | Айылдык Кеңеш, айыл өкмөтү, тиешелуу адистер |
5 | 2023-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин, штаттык жүгүртмөлөрүн бекитүү, муниципалдык менчиктин пайдаланышы боюнча отчет. | I-квартал | Бюджет комитети, ФЭБ |
6 | “Чаткал жайыт” комитетинин 2023-жылга жылдык отчетун угуу, 2024-жылга планын бекитүү | I-квартал | Жайыт комитетинин төрагасы |
7 | “Чаткал Тазалык таза суу” МИ 2023-жылга жылдык отчетун угуу, 2024-жылга планын бекитүү | I-квартал | Тазалык таза суу МИ жетекчиси |
8 | Салык, ижара, жайыт пайдалануу, чабандардын акыларынын ставкаларын аныктап бекитүү | I-квартал | Айыл өкмөтү, ФЭБу, жайыт комитети |
9 | Чаткал айылдык Кеңешинин 2023-жылдагы ишмердиги тууралуу шайлоочуларга отчет берүүсү | I-квартал | төрага, комиссиялардын төрагалары, депутаттар. Уюштуруу иштери боюнча айыл өкмөтү |
10 | Арыз, кайрылууларды кароо, башка жактан келген кат кайрылуулар менен иш алып баруу | Ар дайым | Төрага, катчы, туруктуу комиссиялар |
| II-квартал |
|
|
11 | Чаткал айылдык Кеңешинин II-сессиясы | II-квартал | Төрага, катчы |
12 | Чаткал айылдык Кеңешинин, туруктуу комиссияларынын аткарган жумуштары боюнча билдирүүсү | II-квартал | Комиссия төрагалары |
13 | Чаткал айыл өкмөтүнүн 2024жылдын 1-кварталында аткарган жумуштары боюнча отчетун угуу | II-квартал | Айыл өкмөтү тиешелуу адистери менен |
14 | Калктуу конуштардын санитардык тазалык, жашылдандыруу , көрктөндүрүү соц. объектилерди, жолдорду, айылдардын ички инфраструктурасын жакшыртуу иштери жөнүндө | II-квартал | Депутаттар, туруктуу комиссиялар, айыл башчылар, айыл өкмөтү |
15 | Калкты медициналык жактан тейлөө иштери жөнүндө | II-квартал | Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия. ФАП,УДТ жетекчилери, айыл өкмөтү |
| III-квартал |
|
|
16 | Чаткал айылдык Кеңешинин III-сессиясы | III-квартал | Төрага, катчы |
17 | Чаткал айылдык Кеңешинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишмердиги тууралуу шайлоочуларга отчет берүүсү | III-квартал | төрага, комиссиялардын төрагалары, депутаттар, уюштуруу иштери боюнча айыл өкмөлтү |
18 | 2024-жылдын алты айылыгынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү, “Чаткал жайыт комитети”, “Чаткал тазалык таза суу” муниципалдык ишканасынын отчетторун угуу жана зарыл болгон учурда иш план программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | III-квартал | Айыл өкмөтү тиешелуу адистери менен, Чаткал Жайыт комитети, Чаткал тазалык таза суу МИ |
19 | Чаткал айылдык Кеңешинин, туруктуу комиссиялардын аткарган жумуштары боюнча билдирүүсү | III-квартал | комиссиялардын төрагалары |
20 | Чаткал айыл өкмөтүнүн 2024жылга иш планынын биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча отчетун угуу | III-квартал | Айыл өкмөтү тиешелуу адистери менен |
21 | Коомдук тартип жана кылмыштуулук менен курошуу иштери, калктын социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча отчетун угуу | III-квартал | Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия, КААБ, РИИБ, айыл өкмөту |
22 | Коррупцияга каршы иш аракеттерди кароо | III-квартал | Туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтү |
| IV-квартал |
|
|
23 | Чаткал айылдык Кеңешинин 4-сессиясы | IV-квартал | Төрага, катчы |
24 | Чаткал айылдык Кеңешинин, туруктуу комиссиялардын 2024жылга бектилген иш пландарын отчетун угуу | IV-квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
25 | Чаткал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга иш план программаларынын аткарылышы боюнча отчетун угуу | IV-квартал |
|
26 | Соц. Объектилердин кышка карата даярдыктарын кароо | IV-квартал | Айыл өкмөтү, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия, тиешелуу адистер, мекеме уюмдардын жетекчилери |
27 | 2024-жылга социалдык –экономикалык иш-программалардын аткарылышы жана 2025-жылга планын талкуулоо | IV –вартал | Айыл өкмөтү , туруктуу комиссиялар |
Уюштуруу- массалык иштер:
№ | Иш чаралардын аталышы | аткаруу убактысы | Жооптуулар |
1 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү (жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр: жол ондоо, ичүүчү суу, таштанды чыгаруу, жарыктандыруу, жашылдандыруу ж.б боюнча) | I,II- квартал | Төрага , айыл өкмөтү |
2 | Депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн) протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жана башка маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу | 4-айда бир жолу | Туруктуу комиссиялар |
3 | Депутаттардын коомдук активистери менен тегерек стол, жолугушууларын уюштуруу | 6-айда бир жолу | Төраганын орун басары |
4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу | Жылына бир жолу | Төрага, орун басары. |
5 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун жалпы элдик жыйында угуу | Жылына бир жолу | Төрага, орун басары. |
6 | Тажрыйба алмашуу ( башка өнүккөн айылдык Кенештердин иш тажрыйбалары менен жерине барып таанышуу | Жылына бир жолу | Төрага, айыл өкмөтү, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
7 | Соц. Тармактагы мекемелер, мектептердин жаңы окуу жылына, кышка карата даярдыктарын кароо | Сентябрь | Туруктуу комиссия |
8 | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери менен таанышуу | Жылына бир жолу | Туруктуу комиссия |
9 | Жайлоого кетчү мал жандыктары үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү | II-квартал | Айыл өкмөтү, туруктуу комиссия, жайыт комитети |
10 | Кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын боюнча көзөмөл жүргүзүү | Ар квартал сайын | Кеңештин катчысы |
11 | Ветеринардык абал боюнча | II-III квартал | Айыл өкмөтү, вет адис |
12 | Таза суу программасынын аткарылышы, таза суу системаларынын абалы боюнча | II-квартал | Айыл өкмөтү, туруктуу комиссия |
13 | Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга структурасын жана штаттык санын бекитүү | I-квартал | Айыл өкмөтү |
14 | Депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө | II-квартал | Төрага, этика комиссиясынын төрагасы. |
15 | Депутаттардын жогорку бийлик оргоандары менен жолугушууларын уюштуруу | II-квартал | Төрага, айыл өкмөт башчысы. |
|
|
|
|
Даярдаган Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы: | Р.Султанбек уулу |