Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын

 

2024-жыл 22-январы  №5

 

“Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылы тууралуу отчетун угуу жана 2024-жылга бюджетин кароо жөнүндө”

 

“Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга бекитилнен “Бюджетинин” аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана 2024-жылга сунушталган “Бюджетинин” долбоорун карап талкуулап чыгып Чаткал айылдык Кеңештинин депутаттарынын сунуштарын “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХV- сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.     “Чаткал жайыт комитетинин” 2023-жылга бекитилген “Бюджетинин” аткарылышы тууралуу отчету айрым бир кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.     “Чаткал жайыт комитетинин” 2024-жылга “Бюджетин” бекитүүдө. “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасын эске алуу менен бекитилсин. Бюджеттин киреше бөлүгү: 2885000сомго бекитилсин, мындан жайыт акысы-1200000сом, техникалардын кызмат көрсөтүүсүнөн-1685000сом. Чыгаша бөлүгү: 2885000сомго бекитилсин, мындан эмгек акы-508858сом, социалдык төлөмдөр- 87778сом, сапар чыгымдары-20000сом, ар кандай чыгымдар-30000сом, күйүүчу майлоочу майга-25000сом, инфраструктурага-396000сом, жалпы бюджеттен айыл аймакка которуу 33%- 132364сом.

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Чаткал жайыт комитетине” жүктөлсүн.

4.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

5.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чаткал айылдык Кенешини төрагысынын орун басары У.Сейталиевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.С.Оморов.