Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-февралы № 53
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, сөөктү жайга коюуну каза болгон адамдын тирүү кезинде билдирген керээзине ылайык жана туугандарынын каалоосун эске алуу менен жүзөгө ашыруудагы кепилдиктерди, сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү жайга коюуга жөлөкпул төлөөнү, ошондой эле сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) биологиялык объекттер - адамдын органдары жана ткандары, медициналык иштин натыйжасында пайда болуучу адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктөрү;
2) маркумдун керээзи - тигил же бул жерде, тигил же бул үрп-адаттар жана каада-салттар боюнча, мурда каза болгон тигил же бул адамдардын жанына коюлуу, патологоанатомиялык союуга алынышына макулдугу же макул эместиги жөнүндө, сөөгүнөн органдарды жана (же) ткандарды алууга макулдугу же макул эместиги жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин аткарууну тигил же бул адамга ишенип тапшыруу жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн катышуусунда) же жазуу жүзүндө билдирилген каалоо, мында бул каалоо нотариалдык жактан ырасталышы керек;
3) табыт - каза болгондордун сөөктөрүн жайга коюу (ташуу) үчүн атайын үкөк;
4) жүк 200 - курман болгон (каза болгон) адамдын сөөгү башка шаарда же башка өлкөдө болсо, аны көмө турган жерге чейин ташууда колдонулуучу шарттуу белги;
5) каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жак - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак;
6) сөөк коюлуучу жай - этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу;
7) сөөк - каза болгон адамдын денеси;
8) сөөктү жайга коюу (маркумду узатуу) - сөөктү көмүү боюнча ырым-жырымдар;
9) көмүү - каза болгон адамдын денесин жерге берүү;
10) мүрзөнүн жанына көмүү - каза болгон адамдын денесин, ошондой эле маркумдун күлү салынган карапаны мурда көмүлгөн мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү;
11) кайра көмүү - сөөк коюлган жайды которуу, бүтүндөй сөөктү көрдөн чыгарып, аны башка сөөк коюлуучу жайга кайра көмүү;
12) эксгумация - туугандарынын демилгеси боюнча жана/же сот же укук коргоо органдарынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында кайра көмүүнү же башка иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жансыз денени көрдөн алып чыгуу;
13) расымдык уюмдар - расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, менчиктин ар кандай түрүндөгү (жеке, муниципалдык же мамлекеттик) уюмдар;
14) расымдык буюмдар - расымдык кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу товарлар;
15) расымдык кызмат көрсөтүүлөр - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу менен байланышкан бардык кызмат көрсөтүүлөр;
16) кепин - маркум үчүн кийим же жапкыч;
17) маркумдуу узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат - маркумдардын сөөгүн жайга коюуну жана маркумдун сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматы;
18) брондоо - кийин көмүү үчүн орунду резервге калтыруу;
19) кремация - каза болгон адамдын денесин отко берүү (сөөгүн өрттөө);
20) крематорий - каза болгон (курман болгон) адамдардын сөөгүн кремациялоо менен отко берүү үчүн багытталган расымдык курулма;
21) колумбарий - маркумдун күлү салынган карапаны коюучу жай (сактоо жайы);
22) аза күтүү дубалы - каза болгон адамдын күлү салынган карапаны коюу үчүн дубал түрүндөгү жай;
23) адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат - сөөктү коюу үчүн жайды бөлүп берүүгө же жол-жоболоштурууга негиз болуучу, каза болгон адамдын мээсинин токтоп калышына же анын биологиялык өлүмүнө (адамдын кайтпас өлүмүнө) байланыштуу саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ;
24) өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүк - патологоанатомиялык союудан же соттук-медициналык изилдөөдөн кийин, ошондой эле медициналык документтердин негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ.
3-берене. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдар
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу, ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Сөөктү жайга коюу
Ушул Мыйзам сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрп-адаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө же казанакка) көмүү же өрттөлгөн күлү салынган карапаны мүрзөгө, казанакка, аза күтүү дубалына, колумбарийге коюу менен өрттөө аркылуу жүзөгө ашырылуучу, сөөктү жайга коюу ырым-жырымы катары белгилейт.
5-берене. Көмүү
1. Каза болгон адамдын сөөгүн көмүү, ошондой эле күлү салынган карапаны коюу адамдын өлүмүн белгилөө жөнүндө гербдик мөөр менен күбөлөндүрүлгөн медициналык маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Көмүүлөр бош жана туугандык (көрдүн жанына көмүү) болуп бөлүнөт.
Каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат.
Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Туугандык көмүү жөнүндө маселени чечүү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда жүргүзүлөт.
3. Каза болгон адамдын сөөгүн, ошондой эле анын күлү салынган карапаны ошол эле көрдүн жанына же болбосо ошол эле көргө көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана көргө коюлган адам менен туугандыгынын ырастамасы болгон учурда жүргүзүлөт.
4. Бош жерге көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жөнгө салынат.
5. Каза болгон (курман болгон) адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүүнү жүргүзүү ушул беренеге ылайык жүзөгө ашырылат.
6-берене. Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр)
1. Көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот.
2. Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат бар болсо, көмүү үчүн жайды каза болгон адамга акысыз берүүгө милдеттүү.
3. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Иштеп турган көрүстөндөрдү реконструкциялоо экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү коомчулуктун милдеттүү макулдулугун эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Учурдагы көрүстөндөр түртүп бузулууга тийиш эмес жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча гана жана жергиликтүү коомдоштуктун макулдугун эске алуу менен, ошондой эле суу каптоо, көчкү жүрүү коркунучу жаралган учурда, жер титирөөдөн жана башка табигый кырсыктардан кийин тарыхый-маданий мурас объекттерине карата маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу болгондо гана башка жерге которулушу мүмкүн.
5. Көрүстөндөр мурда жайгашкан аймактарды пайдаланууга алар жабылган мөөнөттөн отуз жыл өткөндөн кийин уруксат берилет. Тарыхый-маданий мурас объекттери болбосо, бул аймактар жаңы көрүстөндөр, жашыл бак-дарактарды отургузуу же тарыхый-маданий максаттар жана музейлештирүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Сыйынуу объекттерин кошпогондо, бул аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.
6. Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу болгондо, учурдагы көрүстөндөрдө каралбай калган эски мүрзөлөрдү көмүлгөн учурдан жыйырма беш жыл өткөндөн кийин экинчи жолу сөөк коюу үчүн пайдаланууга жол берилет. Мында бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет түйүнү аркылуу алдын ала жарыяланышы керек жана ошондон бир ай өткөндөн кийин гана көмүүгө уруксат берилет.
7-берене. Маркумдун керээзи
1. Эгерде каза болгон адамдын керээзин аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар жаралбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык же кылмыш-жаза мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттер анын керээзине толук ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
2. Каза болгон адамдын керээзи жок болгон учурда, анын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттерге уруксат берүү укугуна Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары, ал эми мындайлар жок болсо - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактар, же болбосо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат ээ болот.
2-глава. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу кепилдиктери
8-берене. Каза болгон адамдын керээзин аткаруу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу, ушул Мыйзамга ылайык сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.
2. Каза болгон адамдын сөөгүн мурда каза болгон туугандарынын (жубайынын) жанына коюу бош жер участогу брондолгон учурда кепилденет. Каза болгон адамдын сөөгүн башка учурларда ал көрсөткөн жайга коюу жөнүндө анын керээзин аткаруу мүмкүндүгү маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан аныкталат.
3. Мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына, же ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кассасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бекитилген тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жубайы каза болгон учурда күйөөсүнүн (аялынын) жанына аны кийин көмүү үчүн орунду брондоого жол берилет.
5. Адам башка калктуу конушта же чет мамлекеттин аймагында каза болгон учурда (жүк 200) анын сөөгүн жайга коюу жөнүндө керээзин аткаруу каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу жана сөөктү коюу менен байланышкан чыгымдарды төлөө милдетин өзүнө алган жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана чет мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү (маалымкатты), сөөктү ташууга уруксатты, жол жүрүү документтерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүүгө документтерди алууга көмөктөшүү бөлүгүндө кепилденет.
6. Белгиленген көмөктөшүүнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери) жана консулдук мекемелери, ошондой эле расымдык уюмдар көрсөтүшөт.
9-берене. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруудагы кепилдиктер
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка төмөнкүлөр кепилденет:
1) маркумдун сөөгүн жайга коюу үчүн керектүү тиешелүү документтерди (анын ичинде адамдын өлгөндүгүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкатты) каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып бир календардык күндүн ичинде токтоосуз берүү. Эгерде каза болгон себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгүн өлүкканага жайгаштыруу үчүн негиздер пайда болсо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайынын, жакын туугандарынын же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактын талабы боюнча маркумдун сөөгүн берүү каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып 2 суткадан ашык мөөнөткө кармалбашы керек;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак анын каза болгондугу жөнүндө кабар алып, бирок алар тарабынан сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашырууну кыйындатуучу жагдайлар болсо, каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып маркумдун сөөгүнүн өлүкканада 3 жумушчу күнгө чейин акысыз туруу мүмкүндүгүн берүү. Каза болгон адамдын сөөгүнүн өлүкканада туруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайын, жакын туугандарын, башка туугандарын же болбосо мыйзамдуу өкүлүн издөө учурунда 7 күнгө чейин узартылышы мүмкүн;
3) каза болгон адамды көмүү үчүн керектүү документтер көрсөтүлгөндөн кийин, сөөк коюуга көрүстөндүн администрациясы тарабынан орун берүү.
10-берене. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка сөөктү жайга коюу боюнча төмөнкүдөй тизмектеги кызматтар көрсөтүлөт:
1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
2) сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
3) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү), колумбарийге же аза күтүү дубалына андан ары коюу үчүн маркумдун күлү салынган карапаны берүү менен кремациялоо.
2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан белгиленүүчү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
3. Сөөктү жайга коюу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кызмат көрсөтүүлөр маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлөт.
4. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11-берене. Сөөктү жайга коюуга расымдык жөлөкпул дайындоого жана каржылоого укук
1. Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген төмөнкү категориялардагы жарандардын тастыктоочу документтерин (адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат) бергенде, 3 жумушчу күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу:
1) кызматкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
2) жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
3) дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
4) расмий катталган жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
5) пенсионердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
6) социалдык жөлөкпул алуучу адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
7) жумушсуз адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн.
2. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Кызматкер, жеке ишкер, дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсү, расмий катталган жумушсуз адам, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине, буга жогоруда саналып өткөн ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык, жабырлануучунун өлүмүнө байланыштуу зыянга жооптуу болгон иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгашаларын төлөп берүүгө милдеттүү. Чыгашалардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат;
3) дайынсыз жоголгон деп таанылган жана сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жарандарга.
4. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жактарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
5. Эмгек акыга кошумча төлөө коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
12-берене. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюу
1. Аскер кызматчысынын статусуна ээ болгон, аскер кызматын өтөөдө (аскердик жыйындарда, кызматта) курман болгон же тынчтык мезгилинде жабыркоонун (жаракат алуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен каза болгон адамдардын сөөгүн жайга коюу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюуга чыгашалардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Маркумдун сөөгүн жайга коюуга керектүү документтерди тариздөөгө, расымдык буюмдарды сатып алууга, сөөктү жайга коюу ырым-жырымын жүзөгө ашырууга чыгашаларды төлөө каза болгон адам аскердик кызматын (аскердик жыйындарды, кызматтарды) өтөгөн министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
13-берене. Жубайы, жакын туугандары болбогон каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык калдыктарды жайга коюу
1. Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарабынан аныкталгандан кийин анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө ички иштер органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга коюу (кремациялоо), ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык калдыктарды көмүү (кремациялоо) көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда жүзөгө ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маркумдардын сөөгүн жайга коюуда маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
2) денени кепинге ороо (кийинтүү);
3) каза болгон адамды көрүстөнгө (крематорийге) ташып баруу;
4) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).
4. Белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат.
14-берене. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза чарасын өтөп жүргөн мезгилде каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
1. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза чарасын өтөп жүргөн мезгилде каза болгондордун сөөгүн жайга коюу ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жубайы, жакын туугандары же башка туугандары жок болгондо же болбосо алар сөөгүн жайга коюудан баш тарткан учурда, каза болгон адамдын сөөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жайга коюлууга (кремацияланууга) тийиш.
15-берене. Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан жана түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
Өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан жана түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу (кремациялоо) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
16-берене. Каза болгондордун сөөгүн кайра көмүү же эксгумациялоо
1. Каза болгондордун сөөгүн кайра көмүүгө же эксгумациялоого мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн өкүлүнүн жана маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын өкүлүнүн, зарылдыкта - укук коргоо органдарынын өкүлүнүн катышуусунда сөөк жайга коюлган учурдан тартып алгачкы 2 жуманын ичинде, ал эми андан кийин, эреже катары, сөөк жайга коюлган учурдан тартып 3 жылдан эрте эмес (кумдуу топурактарда 2 жылдан эрте эмес) мөөнөттө жол берилет. Сөөктү чыгарып алуу жөнүндө каттоо китебинде жазылат.
2. Сөөктү кайра көмүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) дайыма суу каптоонун, көчкүнүн, жер титирөөнүн жана башка табигый кырсыктардын коркунучу жаралган учурда сөөк коюлуучу жерди которуу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
2) тергөө органдарынын жана прокуратуранын талабы боюнча;
3) каза болгондордун туугандарынын арызы боюнча;
4) мурда белгисиз болгон аскердик мүрзөлөр табылганда;
5) сөөктөрдү өзүнчө мүрзөлөрдөн республикада же анын чегинен тышкары жайгашкан сөөк коюлуучу башка жерлерге кайра көмүү үчүн ташып барууда.
3. Сөөктү кайра көмүүнү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген уюм тапшырыкчынын арызынын, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн жергиликтүү органдарынын эксгумациялоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Мүрзөлөрдөн чыгарып алынган сөөктөр капкагы бар үкөктөрдө ташылат, капкактуу табыт үкөккө салынат да, жаңы жерге которулат, ал эми мүрзөсү көмүлөт. Көмүү жүргүзүлгөн капкактуу табыт сакталбаса, анын калдыктары мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерлерде өрттөлөт.
5. Сөөк коюлуучу жайды которуу зарыл болгон учурда, бүткүл сөөктү чыгарып алуу жана аларды сөөк коюлуучу башка жерге кайра көмүү ушул беренеде көрсөтүлгөн эксгумациялоо жана кайра көмүү боюнча ченемдердин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
6. Кайра көмүү менен алектенген адамдар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) селеймеге жана күйдүргүгө (сибирь жарасына) каршы эмделиши;
2) атайын кийимдин жана атайын бут кийимдин комплектиси (резина өтүгү, резина кол каптары, респиратор же ооз менен мурунду жабуучу марля тангычы, комбинезон) менен камсыздалышы.
7. Атайын кийимди үй шартында жууп-тазалоого жана зыянсыздоого тыюу салынат, ал эми жумуштарды аткарууда пайдаланылуучу шайман көрүстөндүн чегинен тышкары чыгарылбашы керек.
8. Атайын кийим жана атайын бут кийим күн сайын жумуш аяктагандан кийин мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерлерде төмөнкүдөй дезинфекцияланат:
1) комбинезондор хлораминдин эки пайыздык аралашмасына же 1 килограмм кургак кийимге 5 литр дезаралашма өлчөмүндөгү лизолдун беш пайыздык аралашмасына эки саатка чыланат;
2) резина өтүктөрүнүн жана кол каптарынын тышы көрсөтүлгөн аралашмалардын бири менен тазаланат;
3) марля таңгычтары жумуш аяктагандан кийин өрттөлөт.
9. Сөөктү ташыгандан кийин транспорт дезинфекцияланууга тийиш. Транспортту өз убагында дезинфекциялоо үчүн жоопкерчиликти алардын ээлери тартат. Жансыз денелерди жана сөөктөрдү көрүстөндөрдөн которуу мамлекеттик санитардык көзөмөл органдарынын контролу алдында жүргүзүлөт.
10. Сөөк коюу жайын которуу зарыл болгон учурда, бардык сөөктөрдү чыгарып алуу жана аларды башка жерге кайра көмүү мурдагы көрүстөндүн аймагын пайдалануучу уюмдун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерден четтөөгө өзгөчө учурларда, атап айтканда, сөөктү эксгумациялоо тергөө органдарынын жана прокуратуранын же башкалардын талабы боюнча жүргүзүлгөн учурда жол берилет.
3-глава. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу
17-берене. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүү
1. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык жүктөмдү эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат жана сөөк коюлуучу жайдын аныкталбаган узак мөөнөткө иштешин камсыз кылуусу керек.
2. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусу болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Көрүстөн үчүн жер участоктору түздөн-түз кайрак жана сугарылбаган жерлерден бөлүнүшү керек.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген шаарларда баардык конфессиянын өкүлдөрү үчүн көмүүгө атайын жер болуусу милдеттүү.
18-берене. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү жана көрктөндүрүү
1. Көрүстөндөрдү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Көрүстөндөрдү көрктөндүрүү ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун, диний уюмдардын, коомдук фонддордун күчү менен жана кайрымдуулук курмандыктарынын эсебинен дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек.
3. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.
4. Жооптуу адамдар көрүстөндөрдү карап-күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
Сөөк коюлуучу жайларды кордоо же жок кылуу (вандализм) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
19-берене. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар
1. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Көрүстөндөрдү төмөнкүлөрдүн аймактарында жайгаштырууга тыюу салынат:
1) суу менен камсыздоо булагынын, минералдык булактын санитардык коргоо зонасынын биринчи жана экинчи алкагынын, курорттун санитардык (тоолуу-санитардык) коргоо округунун биринчи зонасынын;
2) карсталган, жаракасы көп тектер жердин үстүнө чыккан жерлердин жана суу горизонттору чыккан жерлердин;
3) калктуу конушка карама-каршы жайгашкан тарапка жантайыңкы жердин;
4) 1,5 метр тереңдикке кургак көпшөк кыртышы (кум аралаш, кумдуу) болбогон жана 6-18 пайыздан ашпаган нымдуу кыртыштуу жердин;
5) көлдөрдүн, дарыялардын жана калк тарабынан чарба-тиричилик муктаждыктары, сууга түшүү жана маданий-саламаттыкты чыңдоо үчүн пайдаланылуучу башка ачык көлмөлөрдүн жээктеринин;
6) алар бийик турганда жер кыртышындагы суунун деңгээли жердин үстүнкү кыртышынан 2,5 метрден кем болгон, ошондой эле суу каптоочу, көчкү жүрүүгө жана урандыга кабылуучу, саздак жерлердин. Жер кыртышындагы суунун деңгээли жердин үстүнкү кыртышынан 2,5 метрден кем болгон учурда жердин участогу маркумдардын күлдөрү салынган карапалар коюлуучу көрүстөндөрдү жайгаштыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
3. Көрүстөн үчүн жер участогунун өлчөмү конкреттүү калктуу конуштун тургундарынын санын эсепке алуу менен аныкталат, бирок 40 гектардан ашык боло албайт. Мында ошол региондогу калктын санынын келечектүү өсүшү, каза болуулардын коэффициенти, маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтардын болушу, ырым-жырымдарына, дин тутуусуна, бир адамды көмүүгө жер участогунун ченемине жараша сөөктү көмүү ыкмасы эске алынат.
Каза болгон (курман болгон) бир адамдын сөөгүн жайга коюу үчүн көрүстөндүн аймагында бекер берилүүчү жер участогунун аянты сөөктү табытка салып көмүү үчүн беш чарчы метр, сөөктү мусулман тибиндеги казанактуу мүрзөгө көмүү үчүн он чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.
Мүрзөлөрдүн участокторунун ортосундагы аралык 0,5 метрден кем эмес, ал эми кыска тараптары 0,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
Көрүстөндүн аймагы мүрзөлөрдүн катарына бөлүнүшү жана автомобиль транспорту үчүн кирүү жолдору жана мүрзөгө жөө киши бара турган аяк жолдору бар участоктордон турушу керек.
4. Сөөктөр аралаш жана салттуу көмүлгөн көрүстөндөрдү, жабык көрүстөндөрдү, мемориалдык комплекстерди, крематорийди, колумбарийди жана аза күтүү дубалдарын жайгаштыруу үчүн санитардык-коргоочу зона Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
20-берене. Сөөк коюлуучу жайларды (көрүстөндү) пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата талаптар
1. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт. Санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерине карата санитардык жана экологиялык талаптар бузулганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сөөктү коюу боюнча ишти токтотуп турууга же токтотууга жана жол берилген бузууларды жок кылуу жана сөөк коюлуучу жайдын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, тарыхый-маданий мурас объекттерине жагымсыз таасирин жоюу боюнча, ошондой эле сөөк коюлуучу жаңы жайды түзүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
21-берене. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар
1. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар каза болгондордун сөөгүн алардын керээзин эске алуу менен же болбосо маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын чечими боюнча жайга коюу үчүн, ошондой эле туугандары алып кетпеген туугансыз жансыз денелерди жана биологиялык калдыктарды көмүү үчүн багытталган.
2. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайларда сөөктү көмүү дин тутуу, аскердик жана жалпы таанылган моралдык, этикалык принциптерге карама-каршы келбеген башка үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Каза болгондордун сөөгүн коюу үчүн муниципалдык көрүстөндөрдөн ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер участогу берилет.
4. Муниципалдык көрүстөндөрдүн иш тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
22-берене. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр
1. Байыркы көрүстөндөр, массалык репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жайлар, ошондой эле тирүү кезинде республиканын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун баатыры статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар көмүлгөн көрүстөндөр тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр болуп саналат.
2. Каза болгондорду тарыхый-маданий мааниге ээ болгон аймактарга көмүүгө тыюу салынат.
3. Массалык репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жайларда, ошондой эле байыркы көрүстөндөрдө тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана музейлештирүү менен байланышпаган кандай болбосун чарба, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
23-берене. Аза күтүү дубалдары (колумбарийлер)
1. Каза болгондордун өрттөлгөн күлү салынган карапаларды коюу үчүн аза күтүү дубалдары (колумбарийлер) атайын бөлүнгөн жер участокторунда ушул Мыйзамга ылайык түзүлөт. Аза күтүү дубалдары (колумбарийлер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же башка уюмдардын карамагында болушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын үрп-адаттарына, каада-салттарына ылайык үй-бүлөлүк (уруулук) сөөк коюу жайларын түзүү үчүн оюлган текчелерди жана казанактарды куруу аркылуу аза күтүү дубалдарында (колумбарийлерде) орун берилиши мүмкүн.
24-берене. Крематорийлер
1. Каза болгондордун денелерин сөөктү жайга коюунун тигил же бул ырым-жырымын сактоо менен отко берүү (кремациялоо) үчүн бөлүнгөн жер участокторунда крематорийлер курулушу мүмкүн.
2. Крематорийлердин иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Крематорийлер экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келүүсү керек.
3. Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чарбачыл субъекттердин каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн. Крематорийди чарбачыл субъекттердин каражаттарынын эсебинен курууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары анын курулушу жана иштеши үчүн көмөк көрсөтүшөт.
4-глава. Маркумду узатуу иши
25-берене. Маркумду узатуу ишин уюштуруу
1. Маркумдун сөөгүн жайга коюуну ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу кепилдиктери Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу жолу менен ишке ашырылат.
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү өзүн-өзү каржылоочу адистештирилген кызматтар жана бул чөйрөдө өз ишин жүзөгө ашыруучу расмий уюмдар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Алардын карамагына расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү кирген маселелер боюнча адистештирилген кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана расымдык уюмдардын финансылык, уюштуруу иштери жана ишинин башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте диний жана улуттук каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Расымдык уюмдардын реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында маркумду узатуу иши жаатындагы адистештирилген кызматка ушул Мыйзамга ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлүшү керек, мында маркумду узатуу иши жаатындагы мамлекеттик же муниципалдык менчик түрүндөгү адистештирилген кызматка артыкчылык берилет.
26-берене. Маркумду узатуу ишин каржылоо булактары
Маркумду узатуу иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каржылоо булактарынын эсебинен, жана өзүн-өзү каржылоо каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5-глава. Корутунду жоболор
27-берене. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдарды бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-февралы № 53
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, сөөктү жайга коюуну каза болгон адамдын тирүү кезинде билдирген керээзине ылайык жана туугандарынын каалоосун эске алуу менен жүзөгө ашыруудагы кепилдиктерди, сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү жайга коюуга жөлөкпул төлөөнү, ошондой эле сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) биологиялык объекттер – медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдары жана ткандары;
2) маркумдун керээзи - тигил же бул жерде, тигил же бул үрп-адаттар жана каада-салттар боюнча, мурда каза болгон тигил же бул адамдардын жанына коюлуу, патологоанатомиялык союуга алынышына макулдугу же макул эместиги жөнүндө, сөөгүнөн органдарды жана (же) ткандарды алууга макулдугу же макул эместиги жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин аткарууну тигил же бул адамга ишенип тапшыруу жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн катышуусунда) же жазуу жүзүндө билдирилген каалоо, мында бул каалоо нотариалдык жактан ырасталышы керек;
3) табыт - каза болгондордун сөөктөрүн жайга коюу (ташуу) үчүн атайын үкөк;
4) жүк 200 - курман болгон (каза болгон) адамдын сөөгү башка шаарда же башка өлкөдө болсо, аны көмө турган жерге чейин ташууда колдонулуучу шарттуу белги;
5) каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жак - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак;
6) сөөк коюлуучу жай - этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу;
7) сөөк - каза болгон адамдын денеси;
8) сөөктү жайга коюу (маркумду узатуу) - сөөктү көмүү боюнча ырым-жырымдар;
9) көмүү - каза болгон адамдын денесин жерге берүү;
10) мүрзөнүн жанына көмүү - каза болгон адамдын денесин мурда көмүлгөн мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү;
11) кайра көмүү - сөөк коюлган жайды которуу, бүтүндөй сөөктү көрдөн чыгарып, аны башка сөөк коюлуучу жайга кайра көмүү;
12) эксгумация - туугандарынын демилгеси боюнча жана/же сот же укук коргоо органдарынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында кайра көмүүнү же башка иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жансыз денени көрдөн алып чыгуу;
13) расымдык уюмдар - расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, менчиктин ар кандай түрүндөгү (жеке, муниципалдык же мамлекеттик) уюмдар;
14) расымдык буюмдар - расымдык кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу товарлар;
15) расымдык кызмат көрсөтүүлөр - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу менен байланышкан бардык кызмат көрсөтүүлөр;
16) кепин - маркум үчүн кийим же жапкыч;
17) маркумдуу узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат - маркумдардын сөөгүн жайга коюуну жана маркумдун сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматы;
18) брондоо - кийин көмүү үчүн орунду резервге калтыруу;
19) кремация - биологиялык объекттерди адистештирилген техникалык курулмаларда санитардык максаттарда отко берүү;
20) крематорий - биологиялык объекттерди санитардык термикалык жок кылуу үчүн багытталган адистештирилген техникалык курулма;
21) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23) адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат - сөөктү коюу үчүн жайды бөлүп берүүгө же жол-жоболоштурууга негиз болуучу, каза болгон адамдын мээсинин токтоп калышына же анын биологиялык өлүмүнө (адамдын кайтпас өлүмүнө) байланыштуу саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ;
24) өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүк - патологоанатомиялык союудан же соттук-медициналык изилдөөдөн кийин, ошондой эле медициналык документтердин негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдар
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу, ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Сөөктү жайга коюу
Ушул Мыйзам сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрп-адаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө же казанакка) көмүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу, сөөктү жайга коюу ырым-жырымы катары белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Көмүү
1. Каза болгон адамдын сөөгүн көмүү адамдын өлүмүн белгилөө жөнүндө гербдик мөөр менен күбөлөндүрүлгөн медициналык маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Көмүүлөр бош жана туугандык (көрдүн жанына көмүү) болуп бөлүнөт.
Каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат.
Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Туугандык көмүү жөнүндө маселени чечүү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда жүргүзүлөт.
3. Каза болгон адамдын сөөгүн ошол эле көрдүн жанына же болбосо ошол эле көргө көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана көргө коюлган адам менен туугандыгынын ырастамасы болгон учурда жүргүзүлөт.
4. Бош жерге көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жөнгө салынат.
5. Каза болгон (курман болгон) адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүүнү жүргүзүү ушул беренеге ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр)
1. Көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот.
2. Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат бар болсо, көмүү үчүн жайды каза болгон адамга акысыз берүүгө милдеттүү.
3. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Иштеп турган көрүстөндөрдү реконструкциялоо экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү коомчулуктун милдеттүү макулдулугун эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Учурдагы көрүстөндөр түртүп бузулууга тийиш эмес жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча гана жана жергиликтүү коомдоштуктун макулдугун эске алуу менен, ошондой эле суу каптоо, көчкү жүрүү коркунучу жаралган учурда, жер титирөөдөн жана башка табигый кырсыктардан кийин тарыхый-маданий мурас объекттерине карата маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу болгондо гана башка жерге которулушу мүмкүн.
5. Көрүстөндөр мурда жайгашкан аймактарды пайдаланууга алар жабылган мөөнөттөн отуз жыл өткөндөн кийин уруксат берилет. Тарыхый-маданий мурас объекттери болбосо, бул аймактар жаңы көрүстөндөр, жашыл бак-дарактарды отургузуу же тарыхый-маданий максаттар жана музейлештирүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Сыйынуу объекттерин кошпогондо, бул аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.
6. Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу болгондо, учурдагы көрүстөндөрдө каралбай калган эски мүрзөлөрдү көмүлгөн учурдан жыйырма беш жыл өткөндөн кийин экинчи жолу сөөк коюу үчүн пайдаланууга жол берилет. Мында бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет түйүнү аркылуу алдын ала жарыяланышы керек жана ошондон бир ай өткөндөн кийин гана көмүүгө уруксат берилет.
7-берене. Маркумдун керээзи
1. Эгерде каза болгон адамдын керээзин аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар жаралбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык же кылмыш-жаза мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттер анын керээзине толук ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
2. Каза болгон адамдын керээзи жок болгон учурда, анын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттерге уруксат берүү укугуна Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары, ал эми мындайлар жок болсо - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактар, же болбосо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат ээ болот.
2-глава. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу кепилдиктери
8-берене. Каза болгон адамдын керээзин аткаруу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу, ушул Мыйзамга ылайык сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.
2. Каза болгон адамдын сөөгүн мурда каза болгон туугандарынын (жубайынын) жанына коюу бош жер участогу брондолгон учурда кепилденет. Каза болгон адамдын сөөгүн башка учурларда ал көрсөткөн жайга коюу жөнүндө анын керээзин аткаруу мүмкүндүгү маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан аныкталат.
3. Мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына, же ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кассасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бекитилген тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жубайы каза болгон учурда күйөөсүнүн (аялынын) жанына аны кийин көмүү үчүн орунду брондоого жол берилет.
5. Адам башка калктуу конушта же чет мамлекеттин аймагында каза болгон учурда (жүк 200) анын сөөгүн жайга коюу жөнүндө керээзин аткаруу каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу жана сөөктү коюу менен байланышкан чыгымдарды төлөө милдетин өзүнө алган жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана чет мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү (маалымкатты), сөөктү ташууга уруксатты, жол жүрүү документтерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүүгө документтерди алууга көмөктөшүү бөлүгүндө кепилденет.
6. Белгиленген көмөктөшүүнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери) жана консулдук мекемелери, ошондой эле расымдык уюмдар көрсөтүшөт.
9-берене. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруудагы кепилдиктер
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка төмөнкүлөр кепилденет:
1) маркумдун сөөгүн жайга коюу үчүн керектүү тиешелүү документтерди (анын ичинде адамдын өлгөндүгүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкатты) каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып бир календардык күндүн ичинде токтоосуз берүү. Эгерде каза болгон себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгүн өлүкканага жайгаштыруу үчүн негиздер пайда болсо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайынын, жакын туугандарынын же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактын талабы боюнча маркумдун сөөгүн берүү каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып 2 суткадан ашык мөөнөткө кармалбашы керек;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак анын каза болгондугу жөнүндө кабар алып, бирок алар тарабынан сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашырууну кыйындатуучу жагдайлар болсо, каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып маркумдун сөөгүнүн өлүкканада 3 жумушчу күнгө чейин акысыз туруу мүмкүндүгүн берүү. Каза болгон адамдын сөөгүнүн өлүкканада туруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайын, жакын туугандарын, башка туугандарын же болбосо мыйзамдуу өкүлүн издөө учурунда 7 күнгө чейин узартылышы мүмкүн;
3) каза болгон адамды көмүү үчүн керектүү документтер көрсөтүлгөндөн кийин, сөөк коюуга көрүстөндүн администрациясы тарабынан орун берүү.
10-берене. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка сөөктү жайга коюу боюнча төмөнкүдөй тизмектеги кызматтар көрсөтүлөт:
1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
2) сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
3) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).
2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан белгиленүүчү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
3. Сөөктү жайга коюу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кызмат көрсөтүүлөр маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлөт.
4. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Сөөктү жайга коюуга расымдык жөлөкпул дайындоого жана каржылоого укук
1. Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген төмөнкү категориялардагы жарандардын тастыктоочу документтерин (адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат) бергенде, 3 жумушчу күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу:
1) кызматкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
2) жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
3) дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
4) расмий катталган жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
5) пенсионердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
6) социалдык жөлөкпул алуучу адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
7) жумушсуз адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн.
2. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Кызматкер, жеке ишкер, дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсү, расмий катталган жумушсуз адам, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине, буга жогоруда саналып өткөн ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык, жабырлануучунун өлүмүнө байланыштуу зыянга жооптуу болгон иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгашаларын төлөп берүүгө милдеттүү. Чыгашалардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат;
3) дайынсыз жоголгон деп таанылган жана сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жарандарга.
4. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жактарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
5. Эмгек акыга кошумча төлөө коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
12-берене. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюу
1. Аскер кызматчысынын статусуна ээ болгон, аскер кызматын өтөөдө (аскердик жыйындарда, кызматта) курман болгон же тынчтык мезгилинде жабыркоонун (жаракат алуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен каза болгон адамдардын сөөгүн жайга коюу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюуга чыгашалардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Маркумдун сөөгүн жайга коюуга керектүү документтерди тариздөөгө, расымдык буюмдарды сатып алууга, сөөктү жайга коюу ырым-жырымын жүзөгө ашырууга чыгашаларды төлөө каза болгон адам аскердик кызматын (аскердик жыйындарды, кызматтарды) өтөгөн министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
13-берене. Жубайы, жакын туугандары болбогон каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык объекттерди жайга коюу
1. Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарабынан аныкталгандан кийин анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө ички иштер органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү, адамдын боюнан алдырылган же ɵлүү тɵрɵлгɵн түйүлдүктɵрдү кɵмүү, көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда жерге берүү жолу менен гана жүзɵгɵ ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маркумдардын сөөгүн жайга коюуда маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
2) денени кепинге ороо (кийинтүү);
3) каза болгон адамды көрүстөнгө ташып баруу;
4) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).
4. Белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза чарасын өтөп жүргөн мезгилде каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
1. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза чарасын өтөп жүргөн мезгилде каза болгондордун сөөгүн жайга коюу ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жубайы, жакын туугандары же башка туугандары жок болгондо же болбосо алар сөөгүн жайга коюудан баш тарткан учурда, каза болгон адамдын сөөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жайга коюлууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан жана түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
Өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан жана түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Каза болгондордун сөөгүн кайра көмүү же эксгумациялоо
1. Каза болгондордун сөөгүн кайра көмүүгө же эксгумациялоого мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн өкүлүнүн жана маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын өкүлүнүн, зарылдыкта - укук коргоо органдарынын өкүлүнүн катышуусунда сөөк жайга коюлган учурдан тартып алгачкы 2 жуманын ичинде, ал эми андан кийин, эреже катары, сөөк жайга коюлган учурдан тартып 3 жылдан эрте эмес (кумдуу топурактарда 2 жылдан эрте эмес) мөөнөттө жол берилет. Сөөктү чыгарып алуу жөнүндө каттоо китебинде жазылат.
2. Сөөктү кайра көмүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) дайыма суу каптоонун, көчкүнүн, жер титирөөнүн жана башка табигый кырсыктардын коркунучу жаралган учурда сөөк коюлуучу жерди которуу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
2) тергөө органдарынын жана прокуратуранын талабы боюнча;
3) каза болгондордун туугандарынын арызы боюнча;
4) мурда белгисиз болгон аскердик мүрзөлөр табылганда;
5) сөөктөрдү өзүнчө мүрзөлөрдөн республикада же анын чегинен тышкары жайгашкан сөөк коюлуучу башка жерлерге кайра көмүү үчүн ташып барууда.
3. Сөөктү кайра көмүүнү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген уюм тапшырыкчынын арызынын, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн жергиликтүү органдарынын эксгумациялоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Мүрзөлөрдөн чыгарып алынган сөөктөр капкагы бар үкөктөрдө ташылат, капкактуу табыт үкөккө салынат да, жаңы жерге которулат, ал эми мүрзөсү көмүлөт. Көмүү жүргүзүлгөн капкактуу табыт сакталбаса, анын калдыктары мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерлерде өрттөлөт.
5. Сөөк коюлуучу жайды которуу зарыл болгон учурда, бүткүл сөөктү чыгарып алуу жана аларды сөөк коюлуучу башка жерге кайра көмүү ушул беренеде көрсөтүлгөн эксгумациялоо жана кайра көмүү боюнча ченемдердин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
6. Кайра көмүү менен алектенген адамдар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) селеймеге жана күйдүргүгө (сибирь жарасына) каршы эмделиши;
2) атайын кийимдин жана атайын бут кийимдин комплектиси (резина өтүгү, резина кол каптары, респиратор же ооз менен мурунду жабуучу марля тангычы, комбинезон) менен камсыздалышы.
7. Атайын кийимди үй шартында жууп-тазалоого жана зыянсыздоого тыюу салынат, ал эми жумуштарды аткарууда пайдаланылуучу шайман көрүстөндүн чегинен тышкары чыгарылбашы керек.
8. Атайын кийим жана атайын бут кийим күн сайын жумуш аяктагандан кийин мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерлерде төмөнкүдөй дезинфекцияланат:
1) комбинезондор хлораминдин эки пайыздык аралашмасына же 1 килограмм кургак кийимге 5 литр дезаралашма өлчөмүндөгү лизолдун беш пайыздык аралашмасына эки саатка чыланат;
2) резина өтүктөрүнүн жана кол каптарынын тышы көрсөтүлгөн аралашмалардын бири менен тазаланат;
3) марля таңгычтары жумуш аяктагандан кийин өрттөлөт.
9. Сөөктү ташыгандан кийин транспорт дезинфекцияланууга тийиш. Транспортту өз убагында дезинфекциялоо үчүн жоопкерчиликти алардын ээлери тартат. Жансыз денелерди жана сөөктөрдү көрүстөндөрдөн которуу мамлекеттик санитардык көзөмөл органдарынын контролу алдында жүргүзүлөт.
10. Сөөк коюу жайын которуу зарыл болгон учурда, бардык сөөктөрдү чыгарып алуу жана аларды башка жерге кайра көмүү мурдагы көрүстөндүн аймагын пайдалануучу уюмдун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерден четтөөгө өзгөчө учурларда, атап айтканда, сөөктү эксгумациялоо тергөө органдарынын жана прокуратуранын же башкалардын талабы боюнча жүргүзүлгөн учурда жол берилет.
3-глава. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу
17-берене. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүү
1. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык жүктөмдү эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат жана сөөк коюлуучу жайдын аныкталбаган узак мөөнөткө иштешин камсыз кылуусу керек.
2. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусу болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Көрүстөн үчүн жер участоктору түздөн-түз кайрак жана сугарылбаган жерлерден бөлүнүшү керек.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген шаарларда баардык конфессиянын өкүлдөрү үчүн көмүүгө атайын жер болуусу милдеттүү.
18-берене. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү жана көрктөндүрүү
1. Көрүстөндөрдү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Көрүстөндөрдү көрктөндүрүү ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун, диний уюмдардын, коомдук фонддордун күчү менен жана кайрымдуулук курмандыктарынын эсебинен дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек.
3. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.
4. Жооптуу адамдар көрүстөндөрдү карап-күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
Сөөк коюлуучу жайларды кордоо же жок кылуу (вандализм) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
19-берене. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар
1. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Көрүстөндөрдү төмөнкүлөрдүн аймактарында жайгаштырууга тыюу салынат:
1) суу менен камсыздоо булагынын, минералдык булактын санитардык коргоо зонасынын биринчи жана экинчи алкагынын, курорттун санитардык (тоолуу-санитардык) коргоо округунун биринчи зонасынын;
2) карсталган, жаракасы көп тектер жердин үстүнө чыккан жерлердин жана суу горизонттору чыккан жерлердин;
3) калктуу конушка карама-каршы жайгашкан тарапка жантайыңкы жердин;
4) 1,5 метр тереңдикке кургак көпшөк кыртышы (кум аралаш, кумдуу) болбогон жана 6-18 пайыздан ашпаган нымдуу кыртыштуу жердин;
5) көлдөрдүн, дарыялардын жана калк тарабынан чарба-тиричилик муктаждыктары, сууга түшүү жана маданий-саламаттыкты чыңдоо үчүн пайдаланылуучу башка ачык көлмөлөрдүн жээктеринин;
6) алар бийик турганда жер кыртышындагы суунун деңгээли жердин үстүнкү кыртышынан 2,5 метрден кем болгон, ошондой эле суу каптоочу, көчкү жүрүүгө жана урандыга кабылуучу, саздак жерлердин.
3. Көрүстөн үчүн жер участогунун өлчөмү конкреттүү калктуу конуштун тургундарынын санын эсепке алуу менен аныкталат, бирок 40 гектардан ашык боло албайт. Мында ошол региондогу калктын санынын келечектүү өсүшү, каза болуулардын коэффициенти, маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтардын болушу, ырым-жырымдарына, дин тутуусуна, бир адамды көмүүгө жер участогунун ченемине жараша сөөктү көмүү ыкмасы эске алынат.
Каза болгон (курман болгон) бир адамдын сөөгүн жайга коюу үчүн көрүстөндүн аймагында бекер берилүүчү жер участогунун аянты сөөктү табытка салып көмүү үчүн беш чарчы метр, сөөктү мусулман тибиндеги казанактуу мүрзөгө көмүү үчүн он чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.
Мүрзөлөрдүн участокторунун ортосундагы аралык 0,5 метрден кем эмес, ал эми кыска тараптары 0,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
Көрүстөндүн аймагы мүрзөлөрдүн катарына бөлүнүшү жана автомобиль транспорту үчүн кирүү жолдору жана мүрзөгө жөө киши бара турган аяк жолдору бар участоктордон турушу керек.
4. Сөөктөр аралаш жана салттуу көмүлгөн көрүстөндөрдү, жабык көрүстөндөрдү, мемориалдык комплекстерди жайгаштыруу үчүн санитардык-коргоочу зона Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Сөөк коюлуучу жайларды (көрүстөндү) пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата талаптар
1. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт. Санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерине карата санитардык жана экологиялык талаптар бузулганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сөөктү коюу боюнча ишти токтотуп турууга же токтотууга жана жол берилген бузууларды жок кылуу жана сөөк коюлуучу жайдын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, тарыхый-маданий мурас объекттерине жагымсыз таасирин жоюу боюнча, ошондой эле сөөк коюлуучу жаңы жайды түзүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
21-берене. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар
1. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар каза болгондордун сөөгүн алардын керээзин эске алуу менен же болбосо маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын чечими боюнча жайга коюу үчүн, ошондой эле туугандары алып кетпеген туугансыз жансыз денелерди көмүү үчүн багытталган.
2. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайларда сөөктү көмүү дин тутуу, аскердик жана жалпы таанылган моралдык, этикалык принциптерге карама-каршы келбеген башка үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Каза болгондордун сөөгүн коюу үчүн муниципалдык көрүстөндөрдөн ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер участогу берилет.
4. Муниципалдык көрүстөндөрдүн иш тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр
1. Байыркы көрүстөндөр, массалык репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жайлар, ошондой эле тирүү кезинде республиканын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун баатыры статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар көмүлгөн көрүстөндөр тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр болуп саналат.
2. Каза болгондорду тарыхый-маданий мааниге ээ болгон аймактарга көмүүгө тыюу салынат.
3. Массалык репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жайларда, ошондой эле байыркы көрүстөндөрдө тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана музейлештирүү менен байланышпаган кандай болбосун чарба, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
23-берене. Аза күтүү дубалдары (колумбарийлер)
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24-берене. Крематорийлер жана санитардык утилдештирүү
1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 1-пунктунда саналып ɵткɵн биологиялык объекттерди термикалык жок кылуу (ɵрттɵɵ) үчүн адистештирилген техникалык курулмалар (крематорийлер) түзүлɵт.
2. Медициналык мекемелерде адистештирилген техникалык курулмаларды жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдар менен жɵнгɵ салынат.
3. Каза болгон адамдардын сөөктөрүн, адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктɵрүн өрттөө үчүн адистештирилген техникалык курулмаларды пайдаланууга тыюу салынат.
4. Адистештирилген техникалык курулмалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн. Мындай курулмаларды чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен курууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын курулушуна жана иштешине көмөк көрсөтөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Маркумду узатуу иши
25-берене. Маркумду узатуу ишин уюштуруу
1. Маркумдун сөөгүн жайга коюуну ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу кепилдиктери Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу жолу менен ишке ашырылат.
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү өзүн-өзү каржылоочу адистештирилген кызматтар жана бул чөйрөдө өз ишин жүзөгө ашыруучу расмий уюмдар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Алардын карамагына расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү кирген маселелер боюнча адистештирилген кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана расымдык уюмдардын финансылык, уюштуруу иштери жана ишинин башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте диний жана улуттук каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Расымдык уюмдардын реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында маркумду узатуу иши жаатындагы адистештирилген кызматка ушул Мыйзамга ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлүшү керек, мында маркумду узатуу иши жаатындагы мамлекеттик же муниципалдык менчик түрүндөгү адистештирилген кызматка артыкчылык берилет.
26-берене. Маркумду узатуу ишин каржылоо булактары
Маркумду узатуу иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каржылоо булактарынын эсебинен, жана өзүн-өзү каржылоо каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5-глава. Корутунду жоболор
27-берене. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдарды бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |