Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 28-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-сентябры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда;";
б) 4-бөлүк "Ушул берененин" деген сөздөрдөн кийин "5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Менчигинин түрүнө карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп бере алышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдый алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныкташат жана камсыз кылышат.
Тамеки чегүү үчүн орун жайларды жабдууга талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 24-беренеде "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 83-беренеде:
экинчи абзацта "10" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 84-беренеде:
экинчи абзацта "30" жана "130" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "50" жана "500" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 85-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "55" жана "170" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "100" жана "550" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "75" жана "230" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "170" жана "650" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "55" жана "170" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "100" жана "350" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. 18 жаш куракка чыга элек балдардын тамеки заттарын сатуусу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 456-беренеде "85-беренесинин 3-бөлүгү" деген сөздөр" "85-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 25-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |