Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 1-марты № 63
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө
1-берене.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) таандык "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Керемет Банк" ААКы) акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) сатып алуусунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2-берене.
Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) аркылуу ушул Мыйзамга ылайык Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен "Керемет Банк" ААКынын жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84770588 (сексен төрт миллион жети жүз жетимиш миң беш жүз сексен сегиз) даана сандагы, "Керемет Банк" ААКынын Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин (мындан ары - акциялардын пакети) сатып алат.
3-берене.
1. "Керемет Банк" ААКынын Улуттук банкка таандык акцияларынын пакетин Министрлер Кабинетинин Финансы министрлиги аркылуу сатып алуусу төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1) Министрлер Кабинети "Керемет Банк" ААКынын Улуттук банкка таандык 84770588 (сексен төрт миллион жети жүз жетимиш миң беш жүз сексен сегиз) даана сандагы акцияларынын пакетин Финансы министрлиги аркылуу сатып алат, ал эми Улуттук банк аларды өткөрүп берет;
2) Министрлер Кабинети Финансы министрлиги аркылуу сатып алуучу акциялардын пакетинин баасы рыноктук нарк катары аныкталат жана Улуттук банк тарабынан "Керемет Банк" ААКына 8216574400 (сегиз миллиард эки жүз он алты миллион беш жүз жетимиш төрт миң төрт жүз) сом суммасында инвестициялык салым жүргүзүлгөндө 7126432000 (жети миллиард бир жүз жыйырма алты миллион төрт жүз отуз эки миң) сомду түзөт;
3) 7126432000 (жети миллиард бир жүз жыйырма алты миллион төрт жүз отуз эки миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып отуз күндүн ичинде Министрлер Кабинети тарабынан Финансы министрлиги аркылуу жүргүзүлөт;
4) акциялардын пакетине менчик укугун Улуттук банктан Министрлер Кабинетине Финансы министрлиги аркылуу өткөрүп берүү Улуттук банктын эсебине акча каражаттары которулган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлөт;
5) Улуттук банктан "Керемет Банк" ААКынын акцияларынын пакетине менчик укугун Министрлер Кабинетине Финансы министрлиги аркылуу өткөрүү ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кандайдыр-бир комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат;
6) Министрлер Кабинетинин акциялардын пакетин Финансы министрлиги аркылуу сатып алуусу фонддук биржадан тышкары, Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын түз которуу жана "Керемет Банк" ААКынын энчилүү баалуу кагаздарынын ээлеринин реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат;
7) ушул Мыйзамдын алкагында Министрлер Кабинетинин акциялардын пакетин Финансы министрлиги аркылуу сатып алуусу "Керемет Банк" ААКынын капиталындагы чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктын уруксатын алуу жол-жоболорун жүргүзүүнү талап кылбайт.
2. Улуттук банктын "Керемет Банк" ААКына 8216574400 (сегиз миллиард эки жүз он алты миллион беш жүз жетимиш төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндө жүргүзгөн инвестициялык салымдары менен 7126432000 (жети миллиард бир жүз жыйырма алты миллион төрт жүз отуз эки миң) сом өлчөмүндөгү акциялардын пакетинин наркынын ортосундагы айырма 1090142400 (бир миллиард токсон миллион бир жүз кырк эки миң төрт жүз) сомду түзөт жана бул Улуттук банктын "Керемет Банк" ААКынын акцияларынын пакетине ээлик кылган мезгилдеги таза чыгымы болуп саналат.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
3. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам ченемдеринин ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда, ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
4. Министрлер Кабинети Финансы министрлиги аркылуу жана Улуттук банк ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде акциялардын пакетин сатып алуу жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзүшсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 14-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |