Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-марты № 70
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
86-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоо тартиби ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 14-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |