Загрузка документа…
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 34 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТУП
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын
кезектеги 10-сессиясы
2024-жылдын 07-февралы № 43
Үлүш жер албай калган жарандарга үлүш жер бөлүп берүү жөнүндө.
Шекер айыл аймагында туруктуу жашап кандайдыр бир себептерден убагында жер үлүшүн албай калган жарандарга үлүш жер бөлүп берүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылынын тургундарынын кандайдыр бир себептерден үлүш жер албай калган жарандардын арыздарынын негизинде айыл өкмөтүнүн карамагындагы бош жерлерден улүш жер бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |