Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясы

 

2024-жылдын 07-февралы № 45

 

Кум, топурак алуу үчүн карьер ачуу жөнүндө

 

Шекер айыл аймагынын элдеринин муктаждыктарын эске алып кум ,топурак алуу үчүн карьер ачуу боюнча;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл аймагынан кум, топурак алуу үчүн карьер ачууга жер тилкеси аныкталып бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев