Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 46

 

Шекер айылындагы эски мончону ижарага берүү жөнүндө.

 

Шекер айылындагы эски мончону айыл элинин суранычынын негизинде капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп ишке киргизип, ижарага берүү үчүн;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айылындагы эски мончону келишимдин негизинде Кенжебай уулу Мирбекке өзүнүн каражатынын эсебинен толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөргөндүгүнө байланыштуу ижара акысынан бошотулуп 10 (он) жылдык мөөнөт менен акысыз ижарага берилсин.

 

2. Ижарачы Кенжебай уулу Мирбек өзүнүн каражатынын эсебинен капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп ишке киргизүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев