ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жыл 22-январы №10
“Чаткал айыл өкмөтүндө штаттан тышкары келишимдин негизинде иштеп жаткан кызматкерлерге эмгек акы төлөө жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн “Финансы экономика бөлүмүнүн” башчысы Б.Курманалиеванын 19.01.2024-жылдагы №01-17/03/1 сандуу сунушу боюнча Чаткал айыл өкмөтүндө штаттан тышкары келишимдин негизинде иштеп жаткан кызматкерлерге эмгек акы төлөп берүү боюнча сунушун карап талкуулап, “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн “Финансы экономика бөлүмүнүн” башчысы Б.Курманалиеванын 19.01.2024-жылдагы №01-17/03/1 сандуу сунушу “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүндө штаттан тышкары келишимдин негизинде иштеп жаткан кызматкерлерлердин эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн “Финансы экономика бөлүмүнүн” башчысы Б.Курманалиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чаткал айылдык Кенешини төрагысынын орун басары У.Сейталиевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.С.Оморов. |