КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-январындагы № 93/XXVI – 3
Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 83 / XXIV - 3 “Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө 2,6 га аянты менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө 2,6 га аянты менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэриясынан келген катты карап чыгып, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 83 / XXIV - 3 “Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө 2,6 га аянты менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1 пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Ушундай деп эсептелсин: бул жер участоктору жеке турак-жай курууга гана арналбастан, аларды төмөнкү категорияларга бөлүү керек:
- жеке турак жай куруу үчүн – 1,6 га;
- коммерциялык участоктор үчүн – 0,43 га;
- жолдор жана көчөлөр үчүн – 0,63 га;
- балдар аянтчасы үчүн – 0,05 га;
Жалпы аянты 2,71 га ны түзөт
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин жер, турак-жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Т. Иманкулов |