АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIII сессиясы
2024-жылдын 2-марты № 13-4
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата
бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровдун сунуштарынын жана айылдагы жарандардан, мекеме-ишканалардан келип түшкөн арыз-кайрылуулардын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин жана №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн:
Киреше бөлүгү:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар – 71 253 800 сом, мунун ичинен атайын каражат 4 517 000 сом;
2) Теңдештирилген грант – 8 982 100 сом;
Баардыгы: 80 235 900 (сексен миллион эки жүз отуз беш мин тогуз жүз) сом;
Чыгаша бөлүгү:
1.Башкаруу аппараты – 51 900 700 сом;
2.Жайыт комитети – 1 972 500 сом;
3. Маданият – 2 903 000 сом;
4. Мектептер – 11 804 300 сом;
5. Бала бакчалар – 7 138 400сом;
6. Атайын каражат -2 938 200 сом;
7. Атайын каражат муниципалдык (таза суу, таштанды) – 1578 800 сом;
Баардыгы: 80 235 900 (сексен миллион эки жүз отуз беш мин тогуз жүз) сом;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетин №1 тиркемеге ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровго милдеттендирилсин;
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
2025-жылга
-Жергиликтүү кирешелер -78438,6 миң сом;
-Теңдештирилиген грант-8982,1 миң сом;
Жалпы: 87420,7 миң сом.
2026-жылга
-Жергиликтүү кирешелер -87573,6 миң сом;
-Теңдештирилиген грант-8982,1 миң сом;
Жалпы: 96555,7 миң сом.
4. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |