АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIII сессиясы
2024-жылдын 2-марты № 13-5
https://cbd.minjust.gov.kg/230002850/edition/4411/kg ылайык, өзгөртүү киргизилди
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына карата 29 431 800 (жыйырма тогуз миллион төрт жүз отуз бир миң сегиз жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) квартал башчыларына сый акы – 197 000 сом; (3000x14x4квартал*17,25%)
2) келишим менен иштеген жумушчу кызматчыларга – 907 600 сом;
3) комбайн лизинг жылдык төлөм үчүн – 1 510 000 сом;
4) комбайн лизинг жылдык төлөм үчүн – 892 200 сом;
5) лизинг РСК банк алынуучу техника – 3 500 000 сом;
6) жабык типтеги спорт комплекс ПСД үчүн – 2 160 000 сом;
7) таштандыны кайра иштетүүчү “CLEAN GREEN VILLAGE” өндүрүш цехин куруу долбооруна өздүк салым катары (АРИС) – 1 500 000 сом;
8) спорттук инвентарга – 200 000 сом;
9) жайыт – 662 300 сом;
10) трансформатор орнотуу, электр линияларын тартууга – 8 201 700 сом;
11) К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин крышасын чатырлоого кошумча каражат – 201 000 сом;
12) жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн – 500 000 сом;
13) “Кошой” эстелигин жана “Жеңиш” паркын реставрациялоо иштерине – 5 000 000 сом;
14) Ат-Башы-Ача-Кайыңды жолуна тротуар – 3 500 000 сом;
15) Боз үй алууга – 500 000 сом.
2. 2024-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 1 703 900 (бир миллион жети жүз үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, пайдаланылсын:
1) айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак-ашы үчүн – 1 038 900 сом
2) тазалык жыйым үчүн – 222 300 сом;
3) сугат суу – 66 200 сом;
4) таза суу – 376 500 сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |