Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-январындагы № 92/XXVI – 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2023 – жылынын бюджетинин бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.К.Абдурасуловдун «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2023-жылынын бюджетинин бош калдыктарын кароо жөнүндө» катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2023 - жылынын бюджетинин бош калдыктарын 7849,4 миң сом өлчөмүндө төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга уруксат берилсин:
-252,0 миң сом. «2111» чыгаша беренеси – ар кандай жумуштарды аткарган кызматкерлердин 3 бирдигине кошумча төлөмдөр жана компенсациялар
-43,4 миң сом. "2121" чыгаша беренеси - социалдык чегерүүлөр
-5000,0 миң сом «3112» чыгаша беренеси - автогидроподъемник (автовышка) сатып алуу
-1657,8 миң сом. «3111» чыгаша беренеси – 60 лет Октября көчөсүндөгү көчөлөрдү жарыктандырууну оңдоо
-896,2 миң сом. «3111» чыгаша беренеси – сквер куруу
Баардыгы: 7849,4 миң сом
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2023 – жылынын бюджетинин атайын эсебинин калган бөлүгүн төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга уруксат берилсин:а) Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы ММБ бөлүмүнө болгону 113,8 миң сомду түзөт алардан:-43,8 миң сом «2222» беренесине - учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу.-70,0 миң сом «2224» - көмүр сатып алууб) «Бала бакча» бөлүмү – болгону 464,9 миң сом, анын ичинен:-201,0 миң сом "2222" - учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу- 263,9 миң сом «2218» - азык-түлүк товарларын сатып алуу
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Т. Иманкулов |